Курс НБ на 04.03.2021 $84,8000 €102,3960

Ысык-Көл облусунунда жер титирөө катталды

Коом
18 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
74
Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда бүгүн саат 21:02де Ысык-Көл облусунун аймагынын очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз, Тилекмат, Ак-Дөбө, Мундуз, Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыр тарткандар катталган жок.
 
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу