Курс НБ на 02.07.2020 $78,7872 €89,0098

​Ысык-Көл облусунан чыгууга жана ал жакка кирүүгө тыюу салынган жок

Коом
22 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
38
Бул тууралуу облустук ыкчам штабдын маалымат катчысы Жаныбек Кожоев айтып чыкты.
Белгилей кетсек,  социалдык тармактарда 21-июндан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салган чечим чыккандыгы тууралуу кабар тараган. Облустук штабдын маалымат катчысы Жаныбек Кожоев  "Бул фейк маалымат. Андай чечим кабыл алынган эмес. Мындай кадамдарга Республикалык штабдын айтуусу менен гана барабыз. Кыймыл мурдагыдай эле, чектөөлөр жок. 1-июндагы тартип боюнча кирип-чыккандардын дене табы өлчөнүп жатат. Эс алуу жайларына бара жаткан адамдар үчүн каттоо журналын ачышкан. Ал жакта жарандардын аты-жөнү, келген-кеткен убактысы, телефон номерлери жана паспортундагы маалыматтар жазылат. Бул кырдаал жаралса текшерүүгө оңой дегенди түшүндүрөт", — деп ММКлардын бирине маек берди.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу