Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

Ыманалы Саркулов: “Коопсуз шаар” долбоорунун максаты - жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо”

Коом
23 - Май 2019
www.erkintoo.kg
93
«Акылдуу шаар» долбоорунун “Коопсуз шаар” компоненти 2019-жылдын 12-февралында ишке кирген. Жол эрежесин бузгандарды сүрөткө, видеого тартып, жазып калуу үчүн Бишкектин көчөлөрүндө, кесилишине жана шаар сыртындагы Чүй облусунун жолдорунда 110 жерде камера 1-баскычы боюнча орнотулган. Эреже бузган айдоочуларга айып каттары келип жатат.  Дегеле бул жаӊы кадамдар туурасында КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Саркулов Ыманалы Кадырбаевич  менен маектештик.
 
- Ыманалы Кадырбаевич, «Акылдуу шаар» долбоорунун “Коопсуз шаар” компоненти алкагында алгачкы кадамдар арыштай баштады. Алгачкы натыйжалар жөнүндө кеп салсаӊыз?

- Өзүңүздөргө маалым болгондой, «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу максатында бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында 110 аппараттык программалык комплекстери (90 стационардык АПК жана 20 даана ылдамдыкты чектөөчү кыймылдуу АПК) орнотулуп, штаттык тартипте жол эрежелерин бузууларды каттап жатат.
Аппараттык программалык комплекстерди көчө-жолдорго орнотуу өз кезегинде жол кырсыктарын, анын оор кесепеттерин азайтууга өбөлгө түзүп, жол кыймылынын катышуучулары арасында жолдо жүрүү маданиятын жогорулатууда. Ошондой эле, ЖККК бөлүктөрүнүн кызматкерлери арасында коррупциялык, укукка жат көрүнүштөрдү кыскартууга шарт түзө алды.
Тагыраак токтоло кетсем: 2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылдын 1-январынан 4-мартына чейин республиканын аймагында  жол кырсыктары  +33,3 пайызга, жаракат алгандардын саны  +45,3 пайызга, ал эми каза болгондордун саны +32,2 пайызга өскөндүгү байкалган,  Бишкек шаары боюнча жол кырсыктары +46,2 пайызга, жабыркагандардын саны +33,7 пайызга, ал эми каза болгондордун саны +133,3 пайызга өскөндүгү, Чүй облусу боюнча жол кырсыктары +46,2 пайызга, жабыркагандардын саны +33,7 пайызга, ал эми каза болгондордун саны +133,3 пайызга өскөндүгү ырасталган.
“Коопсуз шаар” долбоору башталып, Аппараттык программалак комплекстери орнотулуп ишке киргенден бери 2018-жылга салыштырмалуу ушул жылдын 4-мартынан 13-майга чейин жол кырсыктары республиканын аймагында -3,5 пайызга, жабыркагандар +1,9 пайызга көп, ал эми каза болгондор -23,9 пайызга, Бишкек шаарынын аймагында -3,4 пайызга, жабыркагандар +10,0 пайызга көп, ал эми каза болгондор - 68,8 пайызга азайганы байкалат. “Коопсуз шаар” доолбору иштегени өлкөбүздө жарандарыбыздын өмүрүн сактап калабыз деген ишеничтебиз.
            Ал эми жакындан тарта 2-баскычында республиканын баардык облустарынын жолдорунда  тийиштүү жерлерге коюлуп, жол кыймылына көзөмөл жүргүзүлөт.
 
- Айып пулдар салынып, алар төлөнүп жатат. Бул жаатта статистика кандай? Дегеним, айып төлөөчүлөрдөн мамлекеттик бюджетке канча акча каражаты өндүрүлдү?

- Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана анын жер-жерлердеги бөлүктөрү тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлүп, натыйжада  111244 тийиштүү токтом толтурулган, алардын ичинен 49002 транспорт каражаттарынын ээлери коюлган мөөнөттүн ичинде төлөшкөн, жалпысынан 71 миллион 286  миң 930ду сом түзгөн айып пулдар мамлекеттик бюджетке төлөндү, тагыраак айтканда катталган бузуулардун көлөмү 44,1 пайызды түзөт .
Арийне, бул долбоорду ишке ашыруунун максаты айып пулдун эсебинен көп каражат жыйноо эмес, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат.
Самара Капарова
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.