Курс НБ на 21.10.2019 $69,8031 €77,6699

Ыктыярдуу эмгек өмүрүңүздү узартат

Коом
29 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
314
Ыктыярдуу  эмгек адам өмүрүн узартат жана психикалык саламаттыгын жакшыртат. Мындай тыянак Эксетер университетинин Медицина мектебинин окумуштуусу, доктор Сюзанн Ричардс айымдын жетекчилиги астында Саламаттыкты изилдөөнүн улуттук институтунун  колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин белгилүү болгон.
Изилдөөдө волонтерлор арасындагы өлүмдүн деңгээли коомдук иштен четте жүргөндөргө салыштырмалуу 20 % төмөн экенин, алар депрессияга аз кабыларын, жашоого ыракаттанганын, башкаларга салыштырмалуу материалдык абалын бир кыйла тез оңдоп алышарын британиялык илимпоздор аныкташты.
Бул багыттагы мурдагы изилдөөлөр волонтерлук жана адам өмүрүнүн узаруусу, жашоо сапатынын жакшыруусу ортосундагы болушу мүмкүн байланышты акысыз иштеген адамдар арасындагы стресстин деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Бирок доктор Сюзанн Ричардс башындагы топтун изилдөөсү жогорудагы теорияны ырастаган эмес.
Булак: “Азаттык”


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.