Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Япониядан келген машиналар тазалана баштады

Коом
21 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
605
Кыргызстанга Япониядан келген радиоактивдүү нурлары бар машинелер тазалана баштады.  Бул иш-чаранын 20-апрелде  башталганын  Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүркулов  билдирди. Маалыматка караганда бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтому 2016-жылдын 21-ноябрында чыккан. Радиоактивдүү нурлары бар унаалар Чүйдөгү "Аламедин-1" бажы көзөмөл аймагында текшерилип жатат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда радиоактивдүү унаалар 2011-жылы Жапониядагы "Фукусима-1" АЭСиндеги авариядан кийин пайда болгон.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.