Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Январь айында Нарында гана суук болот

Коом
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
447
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттиги билдирди.  Маалыматтарга ылайык Чүй жана Талас облустарында:  Бул айда эки аймакта аба-ырайынын орточо температурасы –3…–5 градуска чейин суук болот. Кемин өрөөнүнүн тоолуу аймактарында —7… —9 градуска чейин муздайт. Түнкүсүн –10…–15 градустан —3…–8 градуска чейин суук болсо, күндүз 0…–5 градус сууктан 5-10 градуска чейин жылыйт.
  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары: Абанын орточо температурасы 2…4 градуска чейин жогорулап, түнкүсүн 5 градустан –8…–13 градуска чейин суук, ал эми күндүз 0…–5 градустан +7…+12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Ысык-Көл облусу: Аталган облуста абанын орточо температурасы 2…4 градус нөлдөн жогору болот. Түнкүсүн 10 градуска чейин суук болот. Күндүз –1…–6 градус сууктан 0…+5 градуска чейин жылымакчы. 
Нарын облусу: Тоолуу аймакта абанын орточо температурасы –10 –15 градуска чейин муздайт. Бир ай ичинде түнкүсүн аба ырайы болжолдуу түрдө –7…–12 градустан –19…–24 градуска жетсе, күндүз 2-7 градустан 8-13 градуска чейин нөлдөн төмөн болот. 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.