Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

WhatsAррта жаңы функциялар пайда болду

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
586
Учурда дүйнө  кеңири колдонуп келе жаткан белгилүү мобилдик WhatsApp мессенджери өзүнүн камерасына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кошту. Мындай маалыматты  Британиянын The Independent агенттиги билдирип чыкты. Жаңы функцияларда сүрөт жана видео жазууга же болбосо сүрөт тартууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой эле, быйтыкчаларды жана ар түрдүү тексттерди ар кандай ыкмада калтырууга жол берилет. Маалыматтарга караганда, азырынча бул мүмкүнчүлүктөрдү Android телефондорунун ээлери колдоно алышса,  iOS-версиясынын  колдонуучуларына жакын арада сунушталат.  

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.