Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Военно-Антоновкадагы жол кырсыктан эки киши каза болду

Коом
15 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
13

Чүй облусунда катталган жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы 15-ноябрда саат 1:30дар чамасында Военно-Антоновка айылы жакта катталган. 

"Mercedes Benz автоунаасын 23 жаштагы айдоочусу 29 жана 30 жаштагы эки кишини коюп кеткен. Алар Нарын облусунун тургундары жана классташтар экени аныкталды. Айдоочу соо эле болгон, кырсык болгон жерден качып кеткен эмес. Учурда ал кармалды",-деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары башталып, машина атайын короого токтотулду.



 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу