Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

​ВИЧ-СПИДке каршы иш-чаралар онлайн өтөт

Коом
30 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
88
Быйыл ВИЧ-СПИДге каршы эл аралык күн Кыргызстанда “Глобалдык тилектештик, жалпы жоопкерчилик” деген жалпы ураандын алдында өтөт. Пандемиядан  улам ВИЧтин алдын алуу жана дарылоо боюнча бардык программаларга да өзгөртүү киргизилди. Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына ылайык, быйылкы иш-чаралардын баары онлайн форматта өтөт. Быйыл Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10219 кишиге жетти.  9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер. Ооруга кабылгандардын 2527си каза болгон. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар түзөт.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.