Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларына арналган иш-чараларга катышты

Коом
11 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
66
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларына арналган иш-чараларга катышты.

Замирбек Аскаров «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл койду. Андан соң митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө чогулгандар аза күтүү мүнөтү менен ошол кайгылуу күндөрү көз жумгандарды эскеришти.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан июнь окуяларында каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, андан кийин жалпы куран окулду.

Иш-чаранын катышуучулары Ош шаарындагы турак жайынан ажыраган жарандар үчүн курулган үйлөргө барып, маркумдарды эскерип куран окуп кайтышты.

Иш-чарага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин жетекчилиги, коомдук ишмерлер, каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, түштүк калаанын меймандары жана жашоочулары катышышты.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.