Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Узак жашагыңар келсе кызыл калемпир жегиле

Коом
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1380
Илимпоздордун айтымында, кадимки эле чили деп аталган ачуу кызыл калемпирди тамак-ашта кеңири пайдалануу адамдын өмүрүн узартат. Биринчи кезекте мезгилсиз өлүмдөн, инсульт менен инфарктка кабылуудан сактайт. Вермонт штатындагы университеттик (АКШ) илимпоздордун PLoS ONE журналына жарыяланган макаласында мына ушундай деп айтылат.
 Илимпоздор 16 миңден ашык америкалыктардын өмүр узактыгын изилдөөдөн кийин ушундай тыянакка келишкен. Аларга 23 жыл байкоо жүргүзүлгөн. Изилдөөгө алынгандардын 12%ы ачуу калемпир кошулган жашылча жана эттүү тамактарды көп колдонушканы белгилүү болгон. Ушундан улам изилдөөчүлөр ачуу калемпир мезгилсиз өлүмгө, инсульт менен инфарктка кабылуу тобокелдигин 13%га азайтат деген бүтүмгө келишкен. Ачуу калемпирдин даамын чыгарган капсаицин –алкалоиди организмдеги клеткалык жана молекулярдык процесстерде чоң ролду ойнойт. Ал семирип кетүүдөн сактап, кан айланууну жакшыртат. Андан тышкары, капсаицин ичегилердин микрофлорасына жагымдуу таасир эткен антимиробдук касиетке да ээ. Буга чейин кызыл калемпирдин рак оорусуна каршы дарылык таасири аныкталган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.