Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Уучу куру эмес университет – утат

Коом
06 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
74
Басма сөз жана маалымат майрамын утурлай, Улуттук университеттин журналистика факультети өзүнүн келе жаткан 60 жылдыгына карата марафон уюштурду. Өз уясынан миңдеген журналисттерди чыгарган бул куттуу жайга алгачкы бүтүрүүчүлөр, азыр 80 жашка чыккан карылар – Ильгиз Гилязетдинов, Төлөгөн Мамеев, Эсенгул Ибраевдин байбичеси Саткын эже баш болгон улам кийинки муундагы кыргыз журналистикасына өзүнүн эмгегин кошкон инсандар “Эркин Тоо”, “Кыргыз Туусу”, КТРК, ЭлТР, НТС, СТВ, Марал радиосу, Азаттык, АКИпресс ж.б. көптөгөн ММКлардан келишип, өз салымдарын кошушту.
Ильгиз Гилязетдинов артист, саясатчы, адабиятчы, математик, архитектор, экономист сыяктуу түрдүү кесиптерди жакшы өздөштүргөн кесипкөй инсандар гана чыныгы журналист боло алаарын айтса, Бакыт Орунбеков дүйнөдө согуш чыгара ала турган жана согушту токтото турган эки гана кесиптин ээси - журналист жана саясатчы болоорун айтты. Союз кезинде Тажикстандын белгилүү жазуучусу Турсунзаде Ч.Айтматовдун өзүнө белгилүү жазуучу жана белгилүү журналист катары таанышаарын айтканда, Ч.Айтматов: “чыныгы журналист болуу чыныгы жазуучу болуудан кыйын” экенин баса белгиледи эле деп Төлөгөн Мамеев эске салды. Жылдыз Бакашова Улуттук университеттен кыргыз журналистикасынын алтын доорун түзгөн адамдар окуп чыкканын айтты.  Улуттук университеттин журналистика факультети 60 жылдын 50 жылында журналисттик кадрларды даярдаган жалгыз бөлүм болуп келгенин Абдыганы Халилов агай белгиледи.
СССРдин жогорку билим берүү министрлигинин 1959-жылдын 30-майындагы №648 буйругу менен Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде “Журналистика” кафедрасы ачылган. Ошондон бери университет КР эл акындары Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урманбетов,  КР эл жазуучулары Казат Акматов, Токтосун Самудинов, Султан Раев сыяктуу миңдеген белгилүү бүтүрүүчүлөрдү уясынан учурган. Чынында, журналисттик кесипти санынан да көп, сапатынан да мыкты кылып чыгарган Улуттук университет экенин азыр эч кимибиз тана албайбыз. Баарыбыз саресеп сала артка бир көз чаптырсак, университетте калган жаштыгыбыз, курч студенттик жылдарыбыз өмүрүбүздүн данектүү бир көз ирмеми болгонун, ошол чыйыр жол менен узак сапар басып, бирде жыгылып, бирде бийикке чыгып, кыргыз журналистикасынын байрагын түшүрбөй келгенибизди туябыз. Ошол жолду университет көрсөтүп бергенин сезебиз. Дайыма ушундай болот, дайыма артка бурулганда баягы калдайган караан - жүрөгүбүзгө жакын университетибиз көрүнөт. Биз аны менен тагдырлаш, насиптеш, туз-даамдаш болгонубузга сыймыктанабыз. Кандай иш-чара болбосун биз сиздер мененбиз деп айткыбыз келет.
Учурда  журналистика факультетинде 600гө жакын студент билим алууда. Дүйнө жүзүндөгү болуп өткөн окуяны чагылгандай тездик менен дүйнөгө тараткан, пикир чогултуп, адамдын акылын аңтер-теңтер кылган аалам жаңылыктарын алаканыңа салып турган бул уникалдуу кесип ээлерин 7-ноябрь басма сөз күнү менен куттуктап, университеттин ишине ийгиликтерди каалайбыз.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу