Курс НБ на 10.07.2020 $77,7979 €88,1334

Ур-тепкиге кабылган үч аялдын ишин министр өз көзөмөлүнө алды

Коом
01 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
396
Кылмышкерлерди издөөгө Чүй ОИИББ менен ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тартылган. Ички иштер министри Улан Исраилов Аламүдүн айылындагы дүкөндүн ичинен сабалган үч аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымдаган. Эскерте кетсек, былтыр 22-декабрда дүкөнгө кирип келген үч бейтааныш эркек киши аялдарды ур-тепкиге алып, кассадагы 40 миң сомду алып кетишкен. Окуя видеокамерага түшүп, ал тасма 28-январда гана чыккан. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. "Интернетке чыккан оор кылмыштын баары министрдин жеке көзөмөлүндө. Тийиштүү тапшырмалар берилди", — деп жазылат маалыматта.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.