Курс НБ на 20.10.2020 $81,2050 €95,6676

​Унаа коюп кеткен жарандын жакындары изделүүдө

Коом
21 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
51
Бишкекте автоунаа коюп кетип, каза болгон кишинин ким экени беш күндөн бери такталбай жатат. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 16-июль күнү саат 22.30да Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу Жибек Жолу проспекти менен бара жатып Ала-Арча көчөсүнө жетпей, болжол менен 40-45 жаштагы кишини коюп кеткен. Жаран жараатынан улам өзүнө келе албай, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия борборунда каза тапкан. Маркум азиат тектүү, чачы анча узун эмес, ак баскан, боюнун узундугу болжол менен 165-170 сантиметр экени айтылды.
Айнура Шайкеева


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу