Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

​Улуу Британияда чет элдик студенттер иш издөө үчүн эки жылга кала алышат

Коом
12 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
52
Чет элдик студенттер окуу жайды аяктагандан кийин ишке орношуу максатында жумушчу виза менен Улуу Британияда эки жылга чейин кала алышат деп билдирди ВВС.
Бул кадам чет элдик студенттерди окууну аяктагандан кийин төрт ай аралыгында өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлаган 2012-жылдагы ички иштер министри Тереза Мэйдин чечимин жокко чыгарат. Мэй эки жылдык визаны “ашкере айкөлдүк” деп атаган. Ал эми Улуу Британиянын учурдагы премьери Борис Джонсон эски эрежелерди өзгөртүү чет элдик студенттердин өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, Британияда карьера жасоого жол ачат деп эсептейт. Жаңы эрежелер жаңы жылдан тарта күчүнө кирет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу