Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Улут болсом, тилим менен улутмун

Коом
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
22985
21-февраль – Эл аралык эне тил күнү. “Улут болсом, тилим менен улутмун” деп айтылуу акын Э. Ибраев ырында жазып кеткендей, ушул күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент)  мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улуттук өзгөчөлүктөр – маданий мурас” аттуу адабий музыкалык кече өткөзүштү. Бул “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле ар бир этнос тилин өнүктүрүүгө акылуу экенин жана жайылтуу максатын көздөйт.
            Иш-чараны Кыргызпатенттин төрагасы Досаалы Эсеналиев ачып: “Бул майрам эне тилге, улуттук тилге басым жасоого, ушу тилдер аркылуу дүйнө таанууга,  башка улуттардын тилин, маданиятын, салт-санаасын билүүгө түрткү берет. Сиздерди дагы бир жолу Эл аралык эне тил күнү менен куттуктайм!”?- деди   куттуктоо сөзүндө. Ал эми  салтанаттуу кеченин кадырлуу коногу катары чакырылган КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев өзүнүн сөзүндө: “Эне тилди барктап-баалап, кадырлоо, маданий баалуулуктарды, улуттук нарк-насилди көздүн карегиндей сактап, урпактарга улантуу ар бирибиздин жарандык милдетибиз. Өлкөнүн Баш Мыйзамында дагы бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактого, аны окуп-үйрөнүү укугуна кепилдик берилген”,- десе, КР Эл артисти Юрий Бобков: “”Манас” эпосун берген, дүйнөгө тааныткан кыргыз тил, акындарды берген кыргыз тил. Демек, ал эч качан жоголбойт!,- деп кыргыз тили өлкөбүздөгү улуттар аралык достуктун, биримдиктин тили экенин баса белгиледи.
            Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин кызматкерлери арасында  улуттук дүр-дүйүм тамактар, ырдоо, көркөм окуу сынактары уюуштурулуп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар ыйгарылды.    


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.