Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Укук, бизнес, билим берүү академиясынын студенттерине судья лекция өттү

Коом
05 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
390
   Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес, билим берүү академиясынын студенттерине “Экономикалык иштерди кароонун негизги маселелери” темасында лекцияны Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун төрагасы Мажитов Бакыт Омурзакович өткөрдү.Мындай маалыматты Жалал-Абад областынын сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
 Төрага Б.Мажитов теманы студенттерге түшүндүрүп, экономикалык иштерди кароодо теориялык билим практикада кантип ишке ашаарын, тараптардын сотко берген далилдерине жана жүйөлөрүнө мыйзамдын талаптарында көрсөтүлгөндөй кантип баа берилип, чечим кабыл алынаары тууралуу маалымат берди.   
 Студенттер лекцияда суроолорун беришип, экономикалык талаш-тартыштын пайда болуусунун себебин, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын кандай укуктарын жана эркиндиктерин райондор аралык соту коргогондугу жөнүндө жоопторун алышты.  
 Асел Барыктабасова​                                             


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.