Курс НБ на 26.04.2019 $69,8383 €77,8488

Т.Усубалиевдин ысмын эски аянтка ыйгаруу сунушталды

Коом
12 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
94
Турдакун Усубалиевдин ысмын эски аянтка ыйгаруу сунушталууда. Бул туурасында бүгүн Бишкек шаардык кеңештин отурумунда «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Канарбек Музуралиев билдирди.  Ал Турдакын Усубалиевдин 100 жылдыгына карата анын ысмын эски аянтка жана мектепте берүү керектигин айтты. “Белгилүү болгондой эски аянт Турдакун Усубалиевдин учурунда курулган. Андыктан анын атын алып жүрүүгө укуктуу. Бишкекте «Газпром Кыргызстан» жаңы мектеп куруп жатат. Ал 99унчу болот экен. Ага 100үнчү деп номур коюп, Усубалиевдин ысмын берсек “, - дейт  ал. Буга ысымды берүү туурасында бир топ жолу айтылган. Турдакун Усубалиев 1961-1985-жылдары Кыргызстанды жетектеген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу