Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Туристтер үчүн мобилдик тиркеме

Коом
02 - Сентябрь 2016
Админ
795

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөрдүн 2-оюнуна карата чет жерден келген туристтерге жергиликтүү эл менен пикир алышуу, өтүп жаткан оюндарды, аларда колдонгон сөздөрдү түшүнүү үчүн атайын сүйлөшмөнүн мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Тиркеме  орусча-кыргызча, англисче-кыргызча жана түркчө-кыргызча сүйлөшмөлөрдү камтыйт. Аталган тиркемени бардык андроид платформасындагы каражаттардан жүктөп алууга болот. Тиркемени google plаy баракчасынан “mamtil lingvo” аталышын терип, же болбосо mamtil.kg сайтында берилген шилтемеден жүктөп алса болот. Тиркеменин ичинде күнүмдүк турмушта эң жыш колдонулган сөздөрдөн турган сөздүк жана категорияларга бөлүнгөн кырдаалдык сүйлөшмө, үйрөнгөн сөздөрүн текшерүү үчүн дикция бөлүмү жана эске тутуу, классикалык тест ошондой эле салыштыруу тесттери камтылган. Бул тууралуу  mamtil.kg сайтынан  маалымат алса болот.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу