Курс НБ на 26.02.2021 $84,7500 €102,9628

Төрөтканалар канды токтотуучу аппаратты колдонушат

Коом
16 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
575
Кыргызстанда төрөгөн аялдардан кан токтобой жатканда жардам берүүчү жаңы медициналык аппаратты биринчи жолу пайдаланганы жатышат. Бүгүн 16-ноябрдан тарта дарыгерлер жаңы аппарат менен иштөөгө үйрөнүшөт. Бул тууралуу BBC кыргыз кызматы жазып чыкты. Кыргызстанда төрөттөн көз жумган энелердин саны дагы эле жогору бойдон калууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жыл сайын алтымыштан ашуун эне төрөттөн жан берет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылына 150 миңдей бала жарык дүйнөгө келет. Анын ичинде 100 миндей төрөттөн орточо кырктай эне каза табат. Энелердин өлүмүнүн негизги себеби катары, тактап айтканда 40% эне өлүмү төрөттөн кийинки кан кетүүгө байланыштуу дешет дарыгерлер. “Энелердин өлүмүнө эң чоң жол ачкан кансыроо учуру көпчүлүк дарыгерлерге оор учур болуп саналат. Кансыроону эффективдүү дарылоо, алдын-алуу үчүн жаңы ыкма кирип жатат. Бул “жатын ичиндеги баллон тампонадасы” деп аталат. Аны төрөттөн кийин да, операция учурунда да колдонууга болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, энелердин жатынын алсыздыгынан кансыроо токтобой коюп, дары да таасир этпей калган чакта бул жабдыкты жатынга киргизип, кан тамырларды басып кала алабыз. Бул инфекция жуктурбайт, жаракат алып келбейт”, - дейт медициналык академиянын акушер-гинекология бөлүмүнүн башчысы Арсен Аскеров.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.