Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

​Төрт күндө 4 миң жол эрежеси бузулду

Коом
09 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
60
Өлкөдө  2019-жылдын 31-декабрынан 2020-жылдын 3-январына чейин 3 миң 999 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган 38 айдоочу, мас абалда рул башкарган 94 айдоочу, жасалма номур менен унаа айдаган 6 айдоочу, тиешелүү документи жок 49 айдоочу кармалды. Ал эми бейбаштык кылган 2 айдоочу, катуу ылдамдык менен жүргөн 637 айдоочу, жол белгилерине баш ийбеген 380 айдоочу жана башка бузуу фактылары менен 3 миңге жакын айдоочу кармалды. Жалпы айыппулдун суммасы 7 миллион 136 миң сомду түзүп,  анын 485 миңи мамлекеттик казынага өткөрүлүп берилген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу