Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Түркияда сабалган кыздын ата-энеси табылды

Коом
29 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
691
Эки күн мурун Анталиянын Коркутели районунунда сабалып, эсин жоготкон кыз табылган. Ал кыз комада болгондугуна байланыштуу анын кайсы улуттун экендиги белгисиз эле. Интернетке жайылган маалыматтар боюнча анын кыргыз экендиги айтылган. Кечээ кыздын кыргыз экендиги аныкталып, ата-энеси табылды. Бул тууралуу Түркиядагы мекендешибиз Элина Эргешова бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына билдирген
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы М.Н. Токтогул районунун тургуну. "Алгач бул жактагы мекендеш эжелерибиздин жардамы менен Москвадагы эжеси табылды. Андан соң ата-энеси табылды. Эжеси менен акыркы жолу 19-декабрда байланышыптыр. Эми ата-энеси эртең жолго чыгат. Анталиядагы кыргыздар алардын чыгымдарын көтөрмөй болушту. Жардамдашкандардын баарына ыраазычылык билдиребиз", - дейт Эргешова.
Булак: Супер порталы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.