Курс НБ на 16.10.2018 $69,3432 €80,3514

Токтогулдагы жол кырсык төрт адамдын өмүрүн алды

Коом
10 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
189

Бишкек — Ош трассасында эки унаа кагышып төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Volvo менен Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар Токтогул районунун аймагынан сүзүшүп кеткен. Анын кесепетинен бир адам мүрт кетсе, үчөө ооруканадан жан берген.

Учурда авто-техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгына жараша кылмыш иши козголор-козголбошу белгилүү болот.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.