Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Токмокто үч унаа кагышып, 28 жаштагы айдоочу каза болду

Коом
09 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
20
Токмок шаарында 3 унаанын катышуусунда бүгүн, 9-ноябрда жол-транспорт кырсыгы катталды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, саат 04:30дар чамасында Бишкек — Торугарт айланма жолунун 52-чакырымында оор жүк ташуучу унаа (мамлекеттик номуру S 93-99 X ), «Мерседес Бенц Гигант» (мамлекеттик номуру N 87-98 АА) жана «Мазда 323» (мамлекеттик номуру S 96-34 Х) унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Мазда 323» үлгүсүндөгү жеңил унаанын 1989-жылы туулган айдоочусу С.Ч. окуя болгон жерден каза болду. Аны куткаруучулар унаадан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу