Курс НБ на 24.08.2019 $69,7882 €77,2311

Тойго насыя албагыла!

Коом
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
121
Бүгүн түнү Бишкек шаарында активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүштү. Анда шаардын ар кайсы жерине, өзгөчө банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишкен. Эске салсак, Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 миң 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарым жылында алардын саны 220 миң 481 адамга жеткен. Буга чейин статистика комитети кыргызстандыктар той-аш өткөрүү үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшай турганын билдирген. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.