Курс НБ на 07.08.2020 $77,0500 €91,1694

​Той кызматы көбөйүүдө

Коом
06 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
202
Адатта биз ресторандардагы, кафелердеги официант кыздардын, жигиттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө күбө болуп жүрөбүз. Азыркы учурда үйдө өткөрүлүүчү тойлорго да акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр көбөйүп бара жатыптыр. Мисалы Нарын шаарында 5 аялдан турган топ үйдө өткөрүлүүчү тойлорго (куда тосуу, тушоо той ж.б.) тамак-аш даярдашып, салаттарды жасашып, идиш-аяк жуушуп, кызмат көрсөтүп келишкен. Мындай кызмат көрсөтүүгө алар 5 миң сом алчу экен. Жакындан бери бул топ кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин 10 миң сомго көтөргөн. Ошого карабастан кызмат кылып берүүнү сурангандар саны азайган эмес.
Абдимухтар Абилов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.