
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Тогуз коргоол ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди
Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул туурасында уюмдун сайтында маалымдалды. Аталган чечим 17-декабрда ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча кезектеги сессиясында кабыл алынган. Жыйын Ямайканын Кингстон шаарында 14-19-декабрь күндөрү онлайн форматта өтүүдө.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек