Курс НБ на 03.04.2020 $84,8988 €92,7010

Тогуз ай ичинде 22 салыкчы жазаланды

Коом
01 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
424
Январь-сентябрь айларында  салык кызматынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.  Бул жарандардан келип түшкөн даттануулардан улам болгон. 9 ай аралыгында Мамлекеттик салык кызматына түрдүү кайрылуулар келип түшкөн. Жергиликтүү салык кызматтарына 64 кайрылуу түшүп, анын 18и электрондук вариантта келген. Ошондой эле эмгек жана кызмат келишимин бузгандыгы үчүн деп 9 кызматкер жоопко тартылса, үчөөнө катуу сөгүш жарыяланып, дагы эки кызматкерге сөгүш жана төрт кызматкерге эскертүү берилген.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.