Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Түндүк-Түштүктү бириктирген Жалал-Абад-Балыкчы жолу

Коом
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
824
Түндүк-Түштүктү бириктирген альтернативалык жолунун артыкчылыгы эмнеде, бул жол Кыргызстандын карапайым элинин жашоо-турмушунун оңолушуна кандай жакшы таасири тийерин билбей туруп, каршы чыгып жаткан  кээ бир депутаттарга, айрым инсандарга жооп берип койууну эп көрүп отурабыз.
Биринчиден, Түндүк-түштүк альтернатива жолун куруу идеясы бүгүн эле чыга калган, же  президент А. Атамбаевдин эле ойлоп чыгарган демилгеси эмес. Кыргызстандын Фергана өрөөнү менен Нарын, Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүн бириктирген эң кыска, эң оңтойлуу жолду салуу, аны изилдөө иштери падышылык Орусия убагында 1868-жылдары эле башталган. Биздеги маалыматтар боюнча жолдун биринчи варианты: Бишкек- Шамшы ашуусу, Кочкор- Жумгал райондору , Тогуз-Тородогу Чамынды, Көк-Арт ашуулары аркылуу өтүп, Жалал-Абад шаары, андан кийин Ош шаары болуп узундугу 390-400км болоору изилденген. Ушул багытта 1914-жылы Жалал-Абаддан Көк-Арт ашуусу аркылуу Казарманга жол куруу башталып, биринчи дүйнөлүк согуштун кесепетинен курулуш иштери токтоп калган.
Экинчи жолу ушул эле вариант боюнча Көк-Арт ашуусунда 1939-жылы жол салуу элдин кол күчү менен башталган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик  согуш чыккандын себебинен токтогон.
Үчүнчү жолу Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун куруу Бишкек- Кара-Балта-Төө-Ашуу, Суусамыр өрөөнү, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Кара-Көл-  Таш-Көмүр  шаарлары аркылуу Жалал-Абад,  Ошко чейин барып, жол 1965-жылдары курулуп бүткөнү белгилүү. Жолдун үзүрүн жалпыбыз көрүп жатабыз.
1975-жылдары кыргыз элинин чыгаан уулу  Султан Ибраимов Ош обкомунун биринчи катчысы кезинде Сузак районунун жол эксплуатациялоо ишканасынын күчү менен малчыларга жайыт жерин өздөштүрүү деген шылтоо менен Сары-Кыр ашуусу аркылуу Тогуз-Торо району менен бириктирген жолду салдырган.
1978-жылы С. Ибраимов Кыргызстандын премьер министри катары Тогуз-Торо жергесинде эл менен жолугушуу учурунда келечекте Нарын дарыясынын жээги менен түндүк-түштүктү бириктирилген жол курулуп, автобустар каттайт деп айткан эле.
Акыры элдин кылымдар бою эңсеген кыялы ишке ашып, Жалал-Абад-Казарман айылы Нарын дарыясынын  жээги менен Көкө-Мерен дарыясын жээктеп, Жумгал-Кочкор жана Балыкчыны бириктирген жол салынып жатат. Кудай буюрса 2017-жылдын аягына чейин бул жол талапка ылайык курулуп  бүтүп, пайдаланууга берилет деген үмүтүбүз бар. Бул жол бүткөрүлсө учурда Казармандан Нарын аркылуу 600км жолду басып, 10-12 саатта Бишкекке жетсек, жаңы альтернативалык жол бүткөрүлгөн шартта Казармандан  Жумгал, Кочкор райондору аркылуу Бишкекке 300км түзүп, 4-5 саатта жетүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
Жолго кеткен чыгымдар өзүн-өзү тез актап, Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Жол жакшырса, кыскарса ал өлкөнүн экономикалык жактан өсөрү дүйнөлүк практикада белгилүү. Мисалы, дүйнөдөгү күчтүү мамлекеттер АКШ, Япония, Германия, Кытай ж.б өлкөлөрдүн жолдору мыкты, экономикасы дагы күчтүү.
Альтернативалык жолдун артыкчылыгы эмнеде?
  1. Кыргызстандын аймактарын бириктирген стратегиялык мааниге ээ, эң кыска жол болот;
  2. Борбордук Азия, Кытай ж.б. мамлекеттерин бириктирген эл аралык маанидеги жол;
  3. Жол бою бийик ашуулардын жоктугу, түздүгү;
  4. Жол эл аралык стандарт боюнча алдыңкы  категорияда болгону;
  5. Жолдун боюндагы кен байлыктарды иштетүүгө жакшы шарттар түзүлөт;
Кыргыз элинин кылымдардан бери эңсеп келе жаткан оюн ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, калыс чечим чыгарган Президентибиз А. Атамбаевге, жана ушул долбоорду Жогорку Кенештин, Өкмөттүн кароосуна коюп, өткөртүп токтом кабыл алууга зор колдоо көрсөткөн депутат Т.Зулпукаровго, мурдагы транспорт министри К. Султановго, азыркы транспорт жана жолдор министри Ж. Калиловго Тогуз-Торо районунун жалпы элинин атынан өзгөчө  ыраазычылык билдиребиз.
Ж.Мырзакимов      Көкирим айыл өкмөтү
М. Үркүнбаев       Карталык айыл өкмөтү
Аманкан уулу            Атай айыл өкмөтү
К.Сартбаев              Тогуз-Торо айыл өкмөтү
М. Сатыбалдиев         Кара-Суу айыл өкмөтү
 
Тогуз-Торо району, 28.01.2017.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.