Курс НБ на 23.05.2019 $69,8492 €77,8085

Түндө BMW койдуруп кеткен аял каза болду

Коом
11 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
118

Бишкекте BMW унаасынын айдоочусу болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы аялды койдуруп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришкен.

Эске салсак, кечээ кечинде Бишкекте Медеров менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу жөө адамды койдуруп, кырсык болгон жерден изин суутуп кеткен.

"Аял башынан катуу жараат алыптыр. Медиктер алгачкы жардам көрсөтүп, ооруканага алып бара жатканда көз жумду", — деп милициядан билдиришти.

Укук коргоочулар кошумчалагандай, күбөлөр аялды күңүрт өңдөгү BMW унаасы какканын айтышкан. Учурда аны табуу үчүн "Перехват" планы жарыяланды.

Булак: Спутник

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.