Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Тилсиз жоодон сак бол

Коом
28 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
395
Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында «Мазда 626» үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кеткен. Өрт учурунда адамдар жабыркаган эмес. Өрткө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле, от менен ойногон балдар Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Жоон айылындагы эки кабаттуу сарайды өрттөдү. Өрт учурунда сарайдын чатыры, 80 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.