Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Тилсиз жоо 68 жаштагы өмүрдү кыйды

Коом
10 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
379
Кара-Балтада 68 жаштагы аял түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыккан: бөлмөдө 6 чарчы метр таштанды күйгөн. "1949-жылы туулган аял түтүнгө ууланып, Кара-Балта шаарынын борбордук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген. Өрттүн келип чыгышынын себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.