Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

​Тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып 11 адам жабыркады

Коом
05 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
52

Окуя кечээ түштөн кийин, 14:53тө Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайында болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай  тамактануучу жайда газ баллон жарылып, андан улам чыккан өрт 2 өрт өчүрүүчү бөлүмдүн  жардамы менен  чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 11 адам жабыркап, алардын айрымдары ооруканага жаткырылганы айтылууда.Тилсиз жоонун аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда шаурма, эт,  уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу