Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Тейлөө борборлорунан 1000ден ашуун кызмат көрсөтүлдү

Коом
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
59
Борборубуздун төрт соода борборлорунда жайгашкан  Калкты тейлөө борборлору үстүбүздөгү жылдын февраль айында иштетиле башташкан жана ушул тапта 1000ден ашуун кызматтарды көрсөтүшкөн. Тейлөө борборлору Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында ишин баштаган. Борборлор жарандарды паспорт жана ЖААК (ПИН, жаңы төрөлгөндөр үчүн «сүйүнчү») боюнча документтештирүү үчүн зарыл болгон техникалык жабдуулар менен жабдылышкан. Кызматтарга акы төлөө үчүн бул жерлерде терминалдар орнотулушкан. Жаңычылыктардын бири болуп шейшембиден тартып жекшембиге чейинки иштөө графиги эсептелет, ал жуманын иш күндөрү бошобогон жарандарга, документтерин дем алыш күндөрү тапшырууга мүмкүндүк берет.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.