Курс НБ на 19.09.2018 $69,2467 €81,0325

«Тазалык» ишканасы алардын жумушчусун сабагандарды кечирүүнү чечти

Коом
13 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
36
«Тазалык» ишканасы алардын жумушчусун сабаган шаар тургундары менен жарашат. Бул тууралуу  ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди. Анын айтымында, жабырлануучу учурда ооруканада, абалы-канааттандыраарлык. Жумушчунун дарылануусуна кетчү чыгымдарды «Тазалык» өзүнө алды. «Жумушчу алган жаракаттар өндүрүштүк катары бааланышы мүмкүн. Аны тергөө тактайт», - деди Жибек Каракеева. Ал ошондой эле, ишкана жүк ташуучуну сабаган балдар менен сүйлөшүп, бир кепке келип жатканын билдирди.  Эске салсак, 11-июль күнү «Тазалык» ишканасынын жумушчусун Лущихин көчөсүнөн 4 бала сабап кеткен.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу