Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Таза абада көп сейилдөө пайдалуу

Коом
23 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
710
АКШнын  окумуштуулары  көп жана ар дайым сейилдөө жүрөк жана кан тамырлардын иштешин жакшыртып, адамды инфаркттан жана башка жүрөк ооруларынан сактай тургандыгын изилдеп чыгышты. Мындай маалыматты  Creative Nursing журналындагы макалага шилтеме кылып  РИА Новости жазып чыкты. Бингхэмтон университетинин окумуштуусу  Памела Фас жана башка окумуштуулар  70ке жакын  жаш жана улгайган аялдардын арасында байкоо жүргүзүшкөн. Алар Нью-Йоркто жашап сергек жашоо образына кайдыгер карабаган адамдар болгон.  Жыйынтыгында аялдар канчалык көп басып, сейилдеген сайын алардын канында холестериндин деңгээли жана кан басымы төмөн абалда болгон. Алардын кардиограммасы жана анализдери да өзгөрүп турган. Муну окумуштуулар жүрөктүн жана кан тамырлардын иштешин жакшыргандыгын көрсөтүүдө деген жыйынтыкка келишкен. Андыктан адамдарга таза абада сейилдөө өтө пайдалуу.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.