
Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

«Таш жүрөккө каршы» деген акция өтүп жатат
Бишкектеги Эмен сейил багында сот адилетсиздигине каршы «Таш жүрөккө каршы» деген аталышта акция өтүп жатат. Иш-чара Тоңдо өспүрүм кызды зордуктагандарды актап жиберген судьяга, адилетсиз сот чечимдерине каршы коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган. Акцияга жарандык активисттер, укук коргоочулар катышууда. Эске салсак, Тоң районунун Кара-Шаар айылында 13 жаштагы секелек кызды үч эркек зордуктап, кийин сот алардын экөөнү актап, сот залынан чыгарып жибергени коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек