Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Тартип бузгандарга жаза күчөтүлөт

Коом
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
679
Жогорку Кеңештеги депутаттардын тобу антисоциалдык жүрүм-турум үчүн айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыгышты.  Себеби азыркы айыптар аз болгондуктан ал жакшы иштебей жатат. Айып пулду жогорулатуу жаштардын жүрүм-турумун жакшыртып, деги эле коомго жакшы таасир берет,- деген депутаттар  бейбаштык үчүн салынчу административдик айып 100-300 сомдон 1000-3000 сомго чейин он эсе жогорулашы мүмкүндүгүн айтышууда . Тартип бузган өспүрүмдөр  көчө шыпырып калышы ыктымал. Мыйзам долбоорунда арак ичкен өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл бурулган. Мындай балдардын ата-энелери азыркыдай 100-200 сом төлөбөй, 2-3 миң сом төлөп калат.  Мыйзам долбоору боюнча бир гана айып пулдун көлөмүн жогорулатылбастан, тартип бузгандарды көчө шыпыруу сыяктуу коомдук иштерге тартуу жазалары да колдонулулат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.