Курс НБ на 02.06.2020 $73,5222 €82,1316

Тамекинин баасын 40 сомго чейин көтөрүү зарыл

Коом
26 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
337
Жогорку Кеӊеште коомдук жайларда тамеки тартканы үчүн салынуучу айыптын өлчөмүн жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Депутаттар ошондой эле тамекинин баасын кымбаттатууну дагы сунушташууда. «Тамекинин наркы кымбат болсо, анда аны балдар сатып ала албайт. Эгерде баа 40 сомго көтөрүлсө, бери дегенде бюджетке кошумча 196 млн сом түшөт», — дейт эл өкүлү Дастан Бекешев. Депутат Акылбек Жапаров тамеки чеккенге таптакыр тыюу салып, айыппулду кескин көтөргөнгө караганда, андай адамдарга коомдук жайларда атайын шарт түзүп берүү кыйла натыйжалуу болорун, бул бойдон мыйзамдын толук иштеп кетишинен күмөн  санай турганын билдирди.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.