Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

Тамеки баасын көтөрүү сунушталууда

Коом
30 - Май 2017
www.erkintoo.kg
390

Парламентте тамекини кымбаттатуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында сатыкка коюлган тамеки продукциясынын чекене баасын жогорулатуу маселеси каралды. Бул багытта өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Демилге депутаттар Дастан Бекешов, Альфия Самигуллина жана Евгения Строковага таандык.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, депутат Альфия Самигуллина "Эң арзан чылымдын бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл" деген пикирин билдирип, кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керектигине токтолду.

 Комитеттин чыгарган чечими аркылуу сунушталган демилге жактырылып бул сунушка жалгыз депутат Рыскелди Момбеков каршы добуш берген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.