Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Таластык тарыхчынын табылгасы

Коом
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
1145
 Тарыхчылардын айтымында убагында  күн чыгышта Тынч океандан  Оролго чейинки,  Түндүк Кытайдан Индостанга чейинки зор аймакка ээлик жүргүзүп келген Хун мамлекети б.з.ч. I кылымынын ортосунда ыдырап, түштүк жана түндүк хундарга бөлүнөт.  Түндүк  хундардын башчысы  Чжи-Чжи Кытайга кызмат кылуудан баш тартып, түндүк хундардын жана аларга тектеш көчмөн уруулардын башын кошуп,   Теңир Тоого көчүп келип, ордосун Таластын   азыркы Чат-Базар айлынын аймагы ченде жайгаштырган дешет. Бул мезгилде Таласты кучагына камтыган Кангүй мамлекетинин башчысы менен  Чжи-Чжинин тил табышы буга мүмкүндүк берген. Тарыхта элдердин улуу журт которуусунун башталышы саналган бул жүрүштө Чжи-Чжинин биринчи колдогондор энесайлык кыргыздар болуптур. А.Н. Бернштамдын изилдөөлөрүндө жазганына караганда ошондон тартып он беш кылым бою, тарыхый кырдаалдарга жараша, энесайлык кыргыздардын улам бир толкуну Теңир-Тоого көчүп келип турушкан.
       Түндүк хундардын кангүйлөр менен ымалалашып кубаттанып баратышынан чоочулаган Кытай өкүмдары 40 миң колун Таласка аттандырат. Б.з.ч. 36 жылы Талас дарыясынын боюнда кытайлар менен көчмөндөрдүн айыгышкан чоң согушу жүрөт. Эр жүрөк Чжи-Чжи кандуу кармашта  курман болот.  Кытай кол башчылары  Чжи-Чжинин башын кестирип алып артка кайтышат.
       Ал эми элибиздин эзелки тарыхы боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп, далилдүү макалалары жергиликтүү басма сөз каражаттарына жарыялап келаткан тарыхчы, Талас шаарындагы  чет тилдер лицейинин директорунун орун басары Акчал Атагуловдун пикиринде Чжи-Чжинин ордосу Талас районунун Кара-Суу айылы жайгашкан чен болгон.  Кангүйлөргө таянып  коңшулаш Усунь мамлекетине чабуул уюштуруп турган Чжи – Чжи  согуштук саясый абалын чыңдоо жана өзүнүн жаңы мамлекетинин ордосун түптөө максатында  Талас өрөөнүнө чеп курдурат.  Акчал Атагуловдун пикиринде  Талас районунун Кара-Суу айылынын күнгөй  тарабындагы Кара-Чокудан өтө бергенде  камчынын өрүмүндөй болуп  суналып жаткан  кыркалакей таштар мына ошол Чжи-Чжи курдургун  чептин  бүгүнкү  күндөргө чейин сакталып калган калдыгы болуп саналат.  “Саясый союздашынын өз алдынчалыкка умтулуусу Кангүй мамлекетине жаккан эмес. Андыктан  алар кийинки согуштук аракеттерде Чжи-Чжини колдобой коюшат. Ошондон улам Чжи-Чжи кытайлар менен болгон согушта жеңилген”,- дейт тарыхчы Акчал Атагулов.
 
Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.