
Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Тайгактан жаракат алгандар көбөйдү
Бишкектин көчөлөрүндөгү тоңгон жана тайгалак жолдордун кесепетинен травматология жана ортопедия бөлүмүнө кайрылгандардын саны көбөйдү. Сынык-жаракат жана ортопедия бөлүмүнүн маалыматына караганда, 15-20-ноябрга чейин 153 жарандан кайрылуу түшкөн. Алардын 33ү ооруканага жаткырылган. Ал эми 120 кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Жардам сурагандардын көпчүлүгү колу жана тизесин оорутуп алгандар.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек