Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

​Таабалды Тиллаев Өкмөттү Исхак Раззаковдун кызына жардам берүүгө чакырды

Коом
16 - Май 2019
www.erkintoo.kg
41
Жогорку Кеңештеги “Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев 16-майдагы парламент жыйынында Өкмөттү Исхак Раззаковдун кызына жардам берүүгө чакырды. Анын айтымында, улуу инсандын Москва шаарында жашап жаткан кызы жардамга муктаж. “Мен жумушчу сапар менен Москва шаарына барганда Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолуктум. Анын жашоо шарты абдан татаал экен. Биз да колдон келген жардамыбызды бердик. Ошентсе да 72 жаштагы улуу инсандын кызы Өкмөттүн көңүл буруусуна муктаж”, - дейт ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештеги “Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Россиядагы мигранттардын чакыруусу менен аталган өлкө барган. Анда бир катар көйгөйлүү маселелер талкууланган.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу