Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Сырты жалтырак, ичи орто кылымдагы Текебаев

Коом
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
414
Кечээ “Ала Арча” резиденциясында жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттарынын биринчи слету болуп өттү. Ага республика боюнча жергиликтүү кеңештерге өткөн жана өтпөй калган депутат аялдар жана Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Айнуру Алтыбаева, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Ж.Эгембердиева, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жана башкалар катышты.
Шайлоо боюнча суроолорго жооп берип жатып, Өмүрбек Текебаев карындашынын жергиликтүү шайлоого катышуусуна каршы чыгып, бирок кайра ойлонуп, өзүнүн сырты жылтырак болгону менен ичи орто кылымдагыдай калганына таң калып, эртеси күнү уруксат бергенин айтты. Ошентип карындашы депутат болуп өтүп кеткен. Аялдардын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинде аялдар өтө аз болуп жатканын уккан Текебаев бул маселени Жогорку Кеңеш трибунасынан көтөрүп чыгаарын айтты. Мыйзам боюнча муниципалдык кызматта 20% аял жетекчи болуш керек болсо, бүгүн 4% гана, ал эми Жогорку Кеңеште 30% болуш керек болсо, азыр алар араң 12%ды түзөт.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.