Курс НБ на 20.11.2018 $69,8310 €79,8168

Сырттан унаа алып кирүү жеңилдеди

Коом
11 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
102
Анткени Кыргыз Республикасында физикалык жактар аркылуу ташылып келинген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Аталган чечим ашыкча эскирген автотранспорт каражаттарын азайтуу жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагына электр, гибриддик кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын ташып киргизүүсүнө дем берүү, ошондой эле өлкөнүн автоунаа паркынын эскиришинин алдын алуу боюнча ыкчам чара көрүүгө багытталганын өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  Мисалы, электромобилдерге карата бажы алымдарынын жана салыгынын нөлдүк коюму киргизилмекчи. Мындай абал 2019-жылдын 31-декабрына чейин уланат.
 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.