Курс НБ на 18.09.2020 $79,0444 €93,7348

Суурдун саны такталды

Коом
05 - Август 2020
www.erkintoo.kg
84
Кыргызстанда суурдун үч түрү жашайт. Алар боз, кызыл түстө болсо, үчүнчүсү Кызыл китепке кирген Мензбира. Жакында эле биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери Кыргызстанды мекендеген суурларды каттоо ишин аяктаган. Аталган каттоо жаныбарларды коргоо ишинин алкагында жана суурлардын санын маалыматтар базасына киргизүү үчүн жасалган. Маалыматка ылайык, аталган түрлөрдүн ичинен боз түрүндөгүлөр көп кездешет. Быйыл боз түрүндөгү суурдун 164 927 баш катталса, кызыл түстөгү суурдан 164 040 баш катталган. Ал эми кызыл китепке кирген мензбира суурлары аз санда, тактап айтканда 12 458 башты түзгөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу