Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

Ступин районундагы кырсыктан жабыркагандарга жардам берилет

Коом
28 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
54
Кечээ, Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, Кыргызстандын 49 жараны жаракат алганын  КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы тастыктады. Учурда аларга жардам берүү боюнча тапшырманы Өкмөт башчы элчиликке тапшырды.  Маалымакта ылайык, кырсык 27-сентябрда болгон, жабыркагандардын ичинен төртөөнүн абалы оор, учурда алар ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок. Кырсык болгон жерде Россиянын тергөө комитетинин, прокуратура, ӨКМ, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат. «КРнын РФдагы элчилигинин жана КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү үчүн кырсык болгон жерге барышты», - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө. Элчиликтен кошумчалашкандай, «ФМ Сидорово» логистикалык ишканада Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын биринде да медициналык жана башка камсыздандыруусу болгон эмес.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу