Курс НБ на 22.09.2018 $68,8080 €81,1487

Студенттер араб тилиинен билимдерин сынашты

Коом
16 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
65
Кыргызстан Ислам университетинин араб тили кафедрасы 2-курстун студенттери арасында билим таймашын өткөрдү. Ага мугалимдер жана студенттер күбө болушту. Араб тили боюнча  жыл сайын окуу жайдын жалпы студенттерине өткөрүлүп келе жатан жарыш быйыл 1-2-курстар арасында өткөрүлүп жатат. Билим таймашы кызуу өтүп, жыйынтыгында 2-курс балдар арасында “в” группасы 53,75 упай менен 1-орунга, 52 упай менен “б” группасы 2-орунга жана 49,25 упай менен “а” группасы 3-орунга ээ болушту. Ал эми 2-курс кыздар арасында өткөрүлгөн билим таймашында “б” жана “г” группалары бирдей упай менен 1-орунга, “а” группасы 2-орунга, “в” группасы 3-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.