Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Спорт кызматкерлерин куттуктайбыз

Коом
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
387
Анткени бүгүн,  6-апрель Кыргызстанда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү деп белгиленип келет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Майрамдын урматына 6-7-апрель күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ар кандай спорттук мелдештер өтмөкчү. Мындан сырткары, 6-апрель саат 15.00дө Кожомкул атындагы спорт ордосунда салтанаттуу иш-чара болот. Ошондой эле,  бүт республика боюнча ар кандай спорттук-массалык иш-чаралар уюштурулат,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.