Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Соодагерлер өкмөттүн жардамына муктаж

Коом
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
34
Ош базардагы үчүнчү ирээт болгон өрт кырсыгы мында иштеген жарандарыбызды түпөйүл кылууда. Соодагерлер бир канча сумма менен алган насыя акчаларын кантип төлөөнүн амалын издешүүдө. Кечээ, 16-апрелде базардын кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан болчу. Буга улай Премьер-министр Сапар Исаков коммерциялык банктардын жана микрокредиттик уюмдардын жетекчилери менен Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларындагы келип чыккан өрт кесепетинен жабыркаган ишкерлерге көмөк көрсөтүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушту. Премьер-министр жарандарга көмөк көрсөтүүдө күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде, кредиттер боюнча үстөктөрдү төлөөнү кийинки мөөнөткө жылдыруу, мүмкүндүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Жолугушуунун катышуучулары жабыркагандарга көмөк көрсөтүүгө жана колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларын иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.